ЖКда кыргыз тилинде мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү ишин жакшыртуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. "Акыркы мезгилде мыйзам долбоорлорун даярдоо жүрүшүндөгү котормо сапаты, айрым юридикалык аталмалар менен түшүнүктөрдү так которуу маселелери көп көтөрүлүп жаткандыгын эске алуу менен Жогорку Кеңеште бул багытта бир катар иштиктүү чаралар көрүлүп жатат. Тактап айтканда, ЖКнын аппарат курамында котормо бөлүмүнөн сырткары лингвистикалык бөлүм түзүлдү",- деди төрага. Ошондой эле өкмөткө да ушундай эле талаптар коюлуп жаткандыгын төрага билдирди. “Ага ылайык, ЖКнын кароосуна 2 тилде тексти бар мыйзам долбоорлору гана түшүүсү керек”,- деди ал. Ал эми ЖКда документ жүгүртүү иши толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу төрага «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү чаралары жөнүндө» тескеме чыгарганын, ага ылайык, депутаттар жана аппарат кызматкерлери үчүн кыргыз тилин окутуу курстары жүрүп жатканын эске салды.