"Дем алыш күндөрүнө караганда иш күндөрү бейтаптар ооруканага көп кайрылып жатат" дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү

Дем алыш күндөрүнө караганда иш күндөрү бейтаптардын кайрылуусу көп катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

"Учурда коронавирусту дарылай турган тийиштүү саламаттыкты сактоо мекемелери 24 саат иштеп жатышат. Андыктан оорунун кандайдыр бир белгиси пайда болсо, дем алыш күнүнө карабастан сөзсүз медициналык мекемеге кайрылып, убагында дарылоону баштоого чакырабыз", - деди Айнура Акматова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан