Коронавирустан каза болгондордун саны 1016га жетти. Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирустан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада коронавирустан 108 адам каза болду. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 42 368 адамды түзөт. Ал эми 3 996 адам айыгып чыккан. Коронавирустан жабыркагандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.