Өлкөнүн бир катар аймактарына өзгөчө абал, калган аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилген. Жалпысынан жашоочулардын мурдагыдай ээн-эркин жүрүүсүнө чектөөлөр киргенине дээрлик бир айга жакындап калды. Бул дүйнө жүзүнүн туш тарабына тарап жаткан коронавирустун өлкөгө келип, жайылып жатканына байланыштуу болду.
Бул убакыт аралыгында жаздын илеби менен жаратылыш кубулуп чыга келди. Жаздын сулуулугуна суктанып, күндүн нурунда эс алууга чыга баштаган учурга карантин туш болду. Мындан улам жаратылыштын кооздугун сүрөткө тартып чыгаргандардын сүрөтү көзгө урунууда. Мына ушундай жазды, жаратылыштын көркөмүн чагылдырган сүрөттөрдү Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады. Бул жолу Ош шаарына көрк берген Ак-Буура дарыясынын сүрөттөрүн көрсөттү. Демейде жылда бул убакта ал айланада эс алгандар, алар таштаган таштандылар бар болсо, бул ирет жаратылыш адамдардан эс алып жатканы сүрөттөрдөн көрүнөт.