Өлкө боюнча дээрлик 7 миңге чукул жаран пневмониядан дарыланып жатат

Бүгүн, 26-июлга карата өлкөдө коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети 689 адамдан аныкталып, жалпы саны 32 миң 813кө жетти.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республиканын ооруканаларында жалпы 12 миң 233 бейтап жатат. Анын ичинен 5 миң 280 бейтап коронавирус инфекциясынан, ал эми 6 миң 953 оорулуу пневмониядан дарыланууда.

Аймактардагы стационарларда жаткан бейтаптар:

Бишкек шаарында – 5 миң 264;
Ош шаарында – 726;
Чүй облусунда – 1 миң 544;
Ош облусу – 1 миң 307;
Талас облусу – 399;
Нарын облусу - 287;
Ысык-Көл облусу – 1 миң 35;
Жалал-Абад облусу – 1 миң 44;
Баткен облусу – 627.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Michelangelo
2020-07-27 01:00:23
Өз кесибин мыкты билген дарыгерлер бар болушсун! Кээ бир врачтар бар бирок так диагноз койбой, ооруну күчөтүп жибергени башыман өткөн мындай, чынында медицина ноль бизде моюнга алышыбыз керек. Мыкты дарыгерлер да бар бирок аз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан