Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат жыйын берүүдө. Анда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү калктын жакыр эмес жашаган катмары да жардам сурап кайрылганы туура эмес экенин билдирди.
Айтымында, аларга социалдык жактан жакыр эмес жашагандар деле жардам алып жаткандары тууралуу маалыматтар жетип жатат.
"Кээ бир жарандар жардамды баары эле алып жатат го деген ойдо жардам алуу аракетин жасашат. Бул негизи динде дагы туура эмес экени айтылат. Анткени динде бул кадам тилемчиликке тете иш болуп эсептелет. Ошондуктан муктаждык жок болсо, анда алам деп аракет жасоону токтотуубуз керек. Бизге жардам алган кээ бир жарандар тууралуу анын үйү, унаасы бар, жакшы жашайт деген маалыматтар жетип жатат. Мамлекет тарабынан берилип жаткан жардамдар баарына тегиз жетпейт. Ошондуктан жардамды биз болушунча колунда жок, жарды жарандарга бергенге аракет кылабыз. Муктаж болгондорго, албетте, жардамдар берилет, ошондуктан чыныгы муктаждарга жардам берели", - деди өкүл.