Ысык-Көлдө эс алып жаткан Баткен облусунун дарыгерлери шарты жок жайда жүргөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова бүгүн, 14-сентябрда жазып чыкты. Ак халатчандардын нааразычылыгы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү жасап, эс алууда жүргөн медкызматкерлердин видеокайрылуусун жарыялады.
Анда Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде реабилитациядан өтүп жатышкан Баткен облусундагы медициналык мекемелерден барган дарыгерлер эс алуу ойдогудай өтүп жатканын билдиришти. Алардын айтымында, жатакана, тамак-аш жана маданий иш-чаралар мыкты деңгээлде уюштурулган.
"Социалдык тармактар аркылуу Баткендин дарыгерлери Ысык-Көлдөгү эс алуу шарттарына нааразы болуп жатканы тууралуу маалымат тарап жатат. Биз бул пикирге кошулбайбыз. Мындан артык дагы кандай болсун?! Биздин эч кандай дооматыбыз жок. Тескерисинче, ыраазыбыз”, - деди Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын бөлүм башчысы Ирсалат Абдуллаева.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдөгү пансионаттарда 2500дөн ашуун дарыгер эс алып, ден соолуктарын калыбына келтиришти.