"Microsoft" корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс нормалдуу жашоо образына кайтуунун бир гана жолу бар экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Анын айтымында, "нормалдуу жашоого" кайтуу үчүн коронавируска каршы эмдөө алуу зарыл.
"Нормалдуу жашоо образына кайтуунун бирден бир жолу - эффективдүүлүгү жогору, баарына жеткиликтүү вакцина алуу", - деген ал.
"Microsoft" корпорациясынын негиздөөчүсү массалык эмдөө коронавирус инфекциясынын жайылышын жана ооруну дүйнөлүк масштабда токтотот деп эсептейт.