Коронавирус илдетине ишенген эмес. Казакстанда инфекциядан кайтыш болгон жаран обсервациядан качып, оорубаганын айткан

Казакстандын Урал шаарында коронавирустан каза болгон биринчи бейтап илдеттин бар экенине ишенген эмес. Ал дем алуусу оорлошкондо гана ооруканага кайрылганын Батыш Казакстан облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси билдирди деп жазышат казак басылмалары.

Маалым болгондой, маркум "Тенгиз" мунай, газ казуу жайынын жумушчусу болгон.

"Апрель айында бейтапканада жаткандардын арасында башаламандык чыгарып, качууга аракет кылган окуя болгон. Кайтыш болгон бейтап ошол окуяга катыштыгы бар жарандардын бири. Ооруканада жатканда анда илдеттин белгилери жок болгон. Мындан улам жаран өзүн дени сак деп эсептеп, дарыгерлер аны алдап жатышканын айтып, үй карантинине жиберүүсүн талап кылган. 14 күндүк дарылоо аяктагандан кийин бейтап үй шартындагы карантинге жиберилген.

Бейтап үй карантининде жүргөндө дарыгерлердин телефон чалуусуна нааразы болуп, мындан ары чалбоосун айткан. Кийинчерээк анын абалы начарлай баштаган, бирок бейтап ооруп жатканын жашырып жүрө берген. Дем алуусу оорлошкондо гана бейтаптын жакындары дарыгерлерге кайрылган. Жаран ооруканага оор абалда жаткырылып, анын өмүрүн сактап калууга кеч болуп калган", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-06-18 11:39:09
Ошон үчүн ишенип врачтардын айтканын кылыш керекта, канча адамга жугузуп кетти эми бул! Кандай адамдар ишенбейт түшүнбөйсүң, өзүнү ойлобосо дагы ата -эне балдарыңды ойло дейин десең өзү өлүптүрго тобо!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан