Кыргыз өлкөсү дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө Эл аралык валюта фондунан 120 миллион 900 миң доллар алат

Бүгүн, 27-мартта Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Министр Кыргыз өлкөсү дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө Эл аралык валюта фондунан 120 миллион 900 миң долларын аларын билдирди. Анын ичинен коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 80,6 миллион доллар, тез каржылоо аспабы боюнча 40,3 миллион доллар тез кредиттөө ыкмасынын алкагында берилди.

"Бизге бөлүнгөн акча дүйнө жүзү боюнча пандемиянын башталышы менен Эл аралык валюта фондунун RFI/RCF алкагындагы алгачкы өзгөчө насыясы", - деп билдирди Жээнбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Aktan2018
2020-03-27 15:37:24
Уже болушуп кырылып атса керек
+16
sumaya
2020-03-27 15:41:35
Бул бийликтен бардыгын кутсо болот,атайын эле ооруну киргизгенби кыргызстанга деген ой келет,эмесе эмне учун муфтиятка тыйуу салынбаган,умрага барбай турсун деп?Булар ушуга окшогон жардамдарды,акчаларды алыш учун да ооруну киргизген.
+11
rysik79
2020-03-27 15:42:05
Баягы эле баягы койчумандын таягы деген ушул да. Эл аман болсун.
+8
bond0202
2020-03-27 15:58:32
жыргап болушуп атсанар керек кийин кантип кайтарганын ойлобой
+8
Aikaaaa
2020-03-27 16:06:14
Алар жеп ичишет, төлөгөнгө келгенде карапайым элге күч келет, ал кезде бул жеп ичкичтер бул орунда болушпайт
+5
rususu
2020-03-27 16:16:02
Андай экен,азыркы учурда канчалаган карапайым эл кыйналып жашап атабыз (же сен кордунбу министр,депутаттар,кыскасы атка минерлердин кыйналганын),Баарына бирдей болсун деп,теппе тен кылып болуп бергиле.
+1
Osh2017g
2020-03-27 16:47:11
Биринчи болуп деп койот,мактангансып,бир шприцти 700$ алдык деп журбогуло, азыркы элден чогулган акчаны эмнеге иштетпей жатасынар.
+4
ilgizk
2020-03-27 17:24:08
Элди ойлобой эле тойбостор өздөрүн ойлоп кайсы жерде насыя болсо ала калып жейин деп турасыңар бети жоктор ,бет,бет эмес эле жылтырак пакет да силердин бетиңерден абирдүүрак болуп калды!
+1
Saidochka
2020-03-27 17:35:20
Бекерден кепин табылса, олуш керек... Дегендей... Жакшы иш бүтүргөн суп, биринчи болуп дейсинер да
+3
Alixan-Nookat.2015
2020-03-27 19:07:31
Акчаны ойлоп ооруган элди жана ооруну алдын алууну унутуп калбагыла анан.
0
Ilimbek1
2020-03-27 19:41:00
Ар бир депутатка жакшы экенда ооруп калбасын деп 1 миллиондон жетет экен.
0
Zhoro
2020-03-27 20:47:00
Ким толойт кийин баарын жебеген самсага эл толойбу корона вирус буткон сон
0
baku24
2020-03-27 21:07:33
Эл эмне болуп атат булар эмнени ойлоп атат тушунбойсун. Шылтоолоп алып атасынар карызды. Толошко келгенде ким толойт келечекти да ойлогулачы бай болгурлар.
+1
Raatbek700
2020-03-28 01:04:05
Кайра эле кыргыз эли толойт бул акчаны.эмнеге айтчы эмнеге
0
PROS
2020-03-28 06:34:48
120 млн, 120 депутат. Совпадение? 120сы бөлүп алышса, 900миңин жардамга жумшаса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан