"Жардамга эч ким келбей калса өлүп каламбы?" деген ойлор келди". Мирбек Атабеков коронавирустан жабыркаганын, дарылануусу кандай болгонун айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков коронавирус илдетин алдын алууга жана ден соолукту чыңдоого таза абада сейилдөө жакшы жардам берерин айтат. Бул тууралуу ал COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюм менен биргеликте тарткан видеосунда билдирген.

Анда ырчы илдетке кабылганын, кантип дарыланганы тууралуу баядаган.

"Мен ооруганга чейин илдетке каршы күрөшүү боюнча коомдук иштерге катышып, жардамга кол сунуп жүрдүм. Ооруп калганымда алгачкы күндөрү даам сезбей калуу, жыт билбей калуу деген белгилер болгон жок. Кадимки эле сасык тумоо менен ооругандай болуп, дарыландым. Бир апта дарылангандан кийин өзүмдү жакшы сезип, айыктым деп ойлогом. Бирок 2 күндөн кийин кайра ооруп, абалым начарлады. Дем ала албай калган учурум такыр болгон эмес. Өпкө, жүрөгүмдү тарттырып жүргөм, баары жакшы болчу. Бул жолу өпкөм кургап, жармашып, приступ кармап калды. Ошол учурда илдеттин туу чокусуна жетип калган элек. Көптөгөн белгилүү инсандарыбызды жоготконбуз.

Абалымдын начарлап кетишине ар кандай маалыматтар таасир этти. Үмүтүм дагы жоголгонсуду. Анткени "Тез жардам" кызматына чалсам эч ким жооп бербейт, түн ичинде досторума чалсам дагы жооп беришкен жок. Дем ала албай жатканда "эмне кылам, жардамга эч ким келбей калса өлүп каламбы?" деген ойлор келет экен. Ооруну жеңдим дегеним менен, бир айдан кийин деле дене табым көтөрүлүп жатты.

Мага эмне жардам берди? Көнүгүүлөрдү жасадым. Элден обочолонуу үчүн тоого чыгып, шаркыратмага барып, чымчыктардын сайраганын уктум. Мага ушул ыкма жакшы жардам берди. Баарыңыздар оорубаңыздар!", - деген ал.

Мирбек Атабеков ролик август айында тартылганын билдирди. "Мен июль айында илдетке кабылдым. Дарыланып, пневмониянын көнүгүүлөрүн жасап жүргөн маалда социалдык роликке тартылуу сунушу түштү. Бул коммерциялык эмес ролик болгондуктан салым кошоюн дедим".

Буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен жабыркап, ооруну жеңгени кабарланган. Мындан тышкары ырчы Айпери Сыдыкованын ооруп калганы белгилүү болгон. Ырчы Гүлнур Асанова коронавирус инфекциясынан айыкканын айтып берген. Ал эми куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония менен, фольклор ырчысы Азиз Батыров коронавирус инфекциясынан жабыркаганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saiit
2020-09-18 20:57:49
Жылдызбыз жылдызбыз дейт эле корсо булар деле адам экен ооруйт экен Шайтандай болуп алжандап турса мен орубайтко деп ойлогом балее ушуларгада келет экен интересно
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан