Вице-премьер БУУнун туруктуу координатору менен кызматташуу тууралуу талкуулашты

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөт тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларды жана аталган багыттагы мындан аркы кызматташуу боюнча биргелешкен пландарды талкуулады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда өкмөттүн ишинде саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо тутумуна өзгөчө басым жасалууда. Мындан тышкары коронавирус инфекциясынын очогун жоюу иштери аткарылып, оорулуулардын санын кыскартуу жана ооруга чалдыккан жарандарды дарылоо боюнча чаралар кабыл алынууда.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело эскерткендей, президент менен жакында болуп өткөн жолугушууда өлкөдө түзүлгөн кырдаал тууралуу жемиштүү пикир алмашуу жүрүп, инфекциянын мындан аркы жайылуусуна каршы биргелешкен кадамдар талкууланды.

Ошондой эле ал мамлекет башчынын БУУнун башкы катчысына кайрылуусун канааттануу менен белгиледи. Анда Антониу Гутерриштин демилгесин жана анын бирикмеге мүчө-мамлекеттерди күч-аракеттерди бириктирүүгө жана пандемияга каршы күрөштү каржылоо үчүн 2 миллиард доллар суммасындагы гуманитардык жооп кайтаруу глобалдык планын ишке киргизүүгө чакырыгын колдоо камтылган.

Мындан тышкары Озонниа Ожиело БУУ тутумуна кирген ар түрдүү түзүмдөрдүн жана тармактык мамлекеттик органдардын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен иши тууралуу айтып берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан