БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырууну сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 21-мартта Коопсуздук кеңештин жыйынында сунуш айтылган. "Жыйында саясий партиялардын, БШКнын сунушун жеткиргенбиз. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынышы керек", - дейт Бекматов.

Шайлоо 12-апрелге белгиленген. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан