Депутат Эльвира Сурабалдиева Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын айтты

Аскер прокуратурасы депутат Эльвира Сурабалдиеваны суракка чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-сентябрда SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын айтымында, ал мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары чакырылган.

"17-сентябрда Аскер прокуратурасынан телефон аркылуу 18-сентябрга чакырышты. Расмий кагаз түрүндө чакыруу болгон жок. Анда Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары сураларым айтылды. Мен ал убакта аймактарда үгүт иштери менен жүргөм. Ошондуктан суракка бара алган жокмун", - деди Сурабалдиева.

Окуянын чоо-жайы:

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн. Тергөө аяктап, иш сотко жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан