Дүйнө жүзүндө акыркы бир жуманын ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрдан 20-сентябрга чейин дүйнөдө COVID-19 инфекциясы 1 миллион 988 миң 897 адамдан аныкталып, 36 миң 764 бейтап каза болду. Мындай көрсөткүч өткөн жумага (7-13-сентябрь) салыштырмалуу инфекциянын тастыкталган учурлары 6 пайызга көбөйгөн. Ал эми өлүм көрсөткүчү 10 пайызга төмөндөдү.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 31 миллион 343 миң 430 адамга жетти. 962 миң 250 адам каза болсо, 21 миллион 516 миң 481 бейтап айыгып чыкты.