137 бейтап коронавирустан айыкса, 28 бейтаптын абалы оор бойдон калууда

Соңку суткада COVID-19 жана коронавирус илдетинен дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 137си айыкты делинип үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаары – 76;
Ош шаары – 11;
Чүй облусу – 18;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу – 4.

Муну менен жалпы айыккандардын саны 194 миң 664 болду дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Ал эми бүгүн, 24-февралга карата ооруканада дагы 207 бейтап дарылануусун улантууда. Анын ичинен 28 бейтаптын абалы оор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан