Бабанов: "Жоопкерчиликти көзгө илбөө бүткүл Кыргыз өлкөбүзгө оор зыян алып келет"

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов карантиндин тартибин катуу сактоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-мартта социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Эгерде өзгөчө абалга көңүл бурбай, кажетсиз көчөгө чыга берсеңиздер өзүңүздөрдү эле коркунучка алып келбейсиздер, жакын туугандарыңызга кыйынчылык алып келесиздер! Бул оору эч кимди аябайт, өзгөчө улгайган адамдарга катуу тиет. Ойлонуңуздар, ата-энелерди сактаңыздар. Жоопкерчиликти көзгө илбөө бүткүл Кыргыз өлкөбүзгө оор зыян алып келет. Ооруканалар толуп, дарыгерлер менен аппараттар жетишпей калганда абалды башкара албай калабыз.

Эгерде карантиндин бардык эрежелерин жана режимин сактап, үйдөн чыкпасак, эпидемиологдордун айтымында эки аптада абал жакшырат. Вирус жуккандар аныкталат, анын таркашы токтотулат, андан кийин баарыбыз көчөгө чыгып, иштерибизге жана окууларыбызга кайта алабыз.

Эгерде кимдир бирөө бул коронавирус ага же анын үй-бүлөсүнө тийбейт десе, анда ал чоң жаңылышат. Европаны карагылачы, биз алардан мыкты туруштук бере алабыз дейсизби? Ошол эле Италияда, Испанияда, Улуу Британияда жана Германияда технологиялар, акча жана сапаттуу медицина бар. Атүгүл, алар да азыр шаймандары ооп жатат. Адамдар каза болуп, өлүмдөр прогрессиялык түрдө катуу өсүп жатат...

Башкалардын катасынан сабак алалы, болбосо биз үчүн бул чоң трагедияга айланат.

Эгерде азыр биз өз алдыбызча обочолонуп сактанбасак, мындай стрессте биз өтө узак болобуз. Коңшуларыбыз менен болгон чек араларыбыз ачылбайт, бизнес ишин кайра баштабайт, жумуш болбойт… Өзүбүз, жакындарыбыз катуу кыйналабыз.

Азыр март айы. Жакында талаа иштери башталат, чабандарыбыз жайлоого кетет. Ага чейин бул вирусту бардык күчүбүздү бириктирип жеңип чыкпасак, айыл чарбабыз талкаланат.

Бийликтин өзгөчө абал жарыялаганын мен толук колдойм!
Аны өлкө бою киргизиш керек деп эсептейм.

Кечээ шаарды айланып байкап чыктым. Сейил бактарда, көчөлөрдө көптөгөн адамдар сейилдеп жүрөт. Азыр эс алуу убактысы эмес, азыр карантин. Азыр өзүбүздү изоляцияга алуу учуру! Бийлик катуу чара көрүшү керек. Бул убакыттын талабы.

Сиз экөөбүздү жашасын деп дарыгерлерибиз коркунучтуу абалда иштеп жатышат. Сиз экөөбүздүн коопсуздугубуз үчүн милиция коркунучтуу абалда иштеп жатат. Чек араларыбыз ишенимдүү болсун деп чек арачыларыбыз коркунучтуу абалда иштеп жатышат. Эгерде үйдөн чыкпай сактансак, биз аларга жана өзүбүзгө болгон коркунучтарды азайтабыз", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан