Словакияда кайрадан өзгөчө кырдаал жарыяланды

Словакия мамлекетинин өкмөтү коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында 1-октябрдан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Игорь Матовичке таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 1-октябрдан тартып словактар ​​бет капты 2 метрден ашык аралыкты басып өтүү күмөн болгон ачык жерлерде дагы кийиши керек. Массалык иш-чараларга 50дөн ашык адам катыша албайт, жана башка бир катар чектөөлөр киргизилди.

30-августка карата Словакияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 567 адам илдет жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө коронавирустун жуктургандардын жалпы саны 10 миңден ашуун.

Буга чейин республикада 16-марттан 16-июнга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан