Өлкөдөгү мектептерде окуу процесси менчигинин түрүнө карабастан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен дифференциалдуу түрдө жүргүзүлөт. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Окуу процессин реалдуу режимде жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн уруксаты милдеттүү түрдө болушу керек.
Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга, мектептин долбоордук кубаттуулугуна, окуучулардын иш жүзүндөгү санына, сабак өтүүчү класстардын жана башка жайлардын болушуна жараша, ар бир мектеп сунушталган окутуу варианттарынын бирин тандайт:
* 300 окуучуга чейинки мектептер: 1 - 11-класстар;
* 300дөн 600гө чейин окуучу окуган мектептер:
1-этап:
1-6, 9, 11-класстар
2 - этап:
7,8, 10-класстар
* "Кызыл зонада" жайгашкан мектептер: 1, 5, 9, 11 - класстар.
* 600дөн ашуун окуучусу бар мектептер:
1-этап:
1, 5, 9, 11 - класстар.
2 - этап:
Калган класстар ата-энелер менен жергиликтүү бийликтин макулдашуусу боюнча мектеп администрациясынын кароосу менен чечилет.