Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 14 адам каза болду. Мындай маалыматты Республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, коронавирустан сутка ичинде Бишкекте жети, Чүйдө төрт, Ысык-Көлдө эки жана Таласта бир адам каза болгон.
Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны 2 миң 325ке жетти.