Beeline жаңы 4GLTE базалык станцияларын ишке киргизүү менен, Кыргызстан боюнча байланыш сапатын жогорулатуу боюнча ишин улантууда. Ошентип оператор өз абоненттерин жогорку ылдамдыктагы интернет жана жогорку сапаттагы үн кызматтары менен камсыз кылып, алардын колдонуучулук тажрыйбасын бир нече эсе жакшыртат.
Өлкөдөгү кыйын шарттарга карабастан Beeline абоненттерин үзгүлтүксүз, сапаттуу байланыш менен камсыздоону жана тейлөө аймагын мүмкүн болушунча кеӊейтүүнү эӊ негизги максаты катары коёт.
Абоненттерди тейлөө сапатын дагы да жогорулатуу максатында компания жыл башынан бери өлкө боюнча 220 кошумча 4GLTE базалык станцияларын орнотуп, Ош жана Чүй облустарында түйүндү күчөтүп, камтуу аймагын жана тармактын сыйымдуулугун кеңейтти:
Beeline тармагынын толук 4G/3G/2G картасы beeline.kg сайтында жеткиликтүү.
Жаңы станцияларды куруудан тышкары Beeline’дын техникалык адистери тармакты ар дайым көзөмөлдөп турушат жана мүмкүн болгон кемчиликтер жөнүндө билдирүүлөргө заматта жооп берип, аларды тез арада четтетишет жана кандай шартта болбосун телекоммуникациялык жабдыктардын сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышат.
Beeline: Сизге жана Сиздин жакындарыңызга кам көрүү менен!