Башаламандыктын кесепетинен өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.
"Башаламандыктан улам адамдар облустардан шаарга келип, кайра кетишүүдө. Оорунун таркап кетүү коркунучу бар, анткени көпчүлүгү санитардык талаптарды сактабай жатат. Ошол эле учурда суук түштү, бул суук тийүү ооруларына таасир берет. Бардык жарандарды санитардык эрежелерди сактоого, зарылдык жок болсо көчөгө чыкпоого, бет кап кийүүгө, антисептик колдонууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырам", - дейт министр.