Бүгүн, 29-июнь саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү маалымат берди.
Сутка ичинде 269 жарандан коронавирус аныкталса, анын 9у сырттан келгендерден катталды. Калган 260 бейтап оорулуулар менен байланышта болгондор.
Акыркы суткада коронавирустан 52 бейтап айыкты делинип үйлөрүнө чыгарылды. Тилекке каршы, сутка ичинде 67, 61 жана 56 жаштагы үч бейтап коронавирустан улам кайтыш болду.