Экономика тармагындагы "Нобель" сыйлыгынын ээлери аныкталды

Быйыл экономика тармагында "Нобель" сыйлыгын Пол Милгром жана Роберт Уильсон алышты. Бул тууралуу Нобелдик комитеттен кабарлаганын дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сыйлык америкалык экономисттер Пол Милгром жана Роберт Уильсонго бүгүн тапшырылган.

"Нобель" сыйлыгы - илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан