Бишкек шаардык мэриясы жүргүнчүлөрдүн коомдук транспорттордогу санитардык эрежелерди сактоосу үчүн коронавирус инфекциясынан каза болгондордун сүрөтүн илүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу мэриянын кезектеги жыйынында айтылганын аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Хакимовдун айтымында, атайын түзүлгөн мобилдик топ коомдук транспорттордо профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Вице-мэр Алмаз Бакетаев автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын салондоруна COVID-19 илдетинен каза болгон жарандардын портретин илүүнү сунуштады.