Кечээ, 17-апрелде өлкө боюнча 23 адамдан коронавирус аныкталгандыгы маалымдалган. Анын ичинен төрт киши Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери экендиги белгилүү болгон. Буга байланыштуу борбордун кызматкерлери үйлөрүнө баруудан чочулап, обсервацияга жатууну министрликтен өтүнгөн болчу. Бирок кечирээк, алар 17 саат күтүп, тиешелүү жооп ала албагандыктан өздөрү обсервацияга барышканын айтып чыгышкан.
Бүгүн, 18-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге буга байланыштуу суроо берилди.
"Үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлеринен коронавируска байланыштуу тест алынабы? Жыйынтыгында аларды кайда жайгаштырдыңыздар? Эмне үчүн министрликтин жетекчилери борборго өздөрү барып дарыгерлер менен сүйлөшкөн жок? Анткени министрлик өзү пандемиядан чыгууга дарыгерлердин салымы зор экенин айтып келет", - деген суроо узатылды.
"Ооба, кечээ ушундай абал жаралып калды. Бул маселе борбордун кызматкерлери биздеги бар обсервацияларда жатууну каалабагандыктан, шарты жакшы жатаканаларды талап кылгандыктан, ал жатаканалардын акысын төлөгөнгө чейин жаралып кетти. Бирок көйгөй чечилди, аракеттер көрүлүп, алар өзүнчө жатаканага жайгаштырылды. Кечинде биз барып кабар алдык, алар тынчтанып, жайгашып, учурда эс алып жатышат. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ошол жактан №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери текшерүүдөн өтүшөт. Эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат, бул маселе биздин көзөмөлдө", - деди Үсөнбаев.