Өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миң долларды түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын 4 миллиард 169 миң доллары тышкы карыз. Бул 31-июлга карата көрсөткүч.
- Кытайдын Эксимбанкына 1,776 миллиард доллар;
- Францияга - 4,86 миллион доллар;
- Жапон эл аралык өнүктүрүү агенттигине - 244,84 миллион доллар;
- Банк КвФ - 80,75 миллион доллар;
- Түштүк Кореянын Эксимбанкына – 14,14 миллион доллар;
- Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондуна - 7,14 миллион доллар;
- Сауд өнүктүрүү фондуна - 24,16 миллион доллар;
- Түркия өкмөтүнө - 89,54 миллион доллар;
- Абу-Даби өнүктүрүү фондуна – 8,04 миллион доллар.