Бүгүндөн баштап уруксат кагаздары электрондук түрдө бериле баштайт

Бүгүн, 30-мартка карата өзгөчө абал режиминин жыйынтыгы тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат берди.

"Документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү Бишкектеги 4 райондук башкармалыкта ишке ашырылат – Ленин, Биринчи Май, Октябрь жана Свердлов райондорунда. Бүгүндөн баштап электрондук уруксат берүү системи тест режиминде иштеп баштады. Эми жарандар үйдөн чыкпай туруп электрондук арызды толтуруп, өткөрмө уруксат кагаздарын ала алышат. Маалымат алуу үчүн 1312 номуруна байланышсаңыздар болот. Чалуу бардык операторлорго акысыз", - дейт Орозалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sancho-
2020-03-30 11:09:21
Ошто дагы берилеби.
+1
Adil18
2020-03-31 21:15:10
Бул Бишкектегилер учун окшойт.
Башка региондогулар кайсы номерлер аркылуу маалымат ала алат?
Бир нерсе айтканда толук айткылачы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан