Дүйнө жүзүндө бүгүн, 4-ноябрга карата коронавирус инфекциясын 47 миллион 328 миң 401 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 31 миллион 553 миң 108 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 212 миң 844 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 377 миң 579 адамдан коронавирус аныкталды. 232 миң 538 адам каза болсо, 3 миллион 705 миң 130 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 267 миң 623 адамдан аныкталды. 123 миң 97 адам каза болсо, 7 миллион 603 миң 121 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 566 миң 49 адам вируска кабылган. 160 миң 496 бейтап көз жумса, 5 миллион 60 миң 697 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.