Өлкөдө менчик лабораторияда коронавируска анализ тапшыруу айрым категориядагы жарандар үчүн акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Белгилүү болгондой коронавируска анализ тапшыруу өлкөнүн мамлекеттик лабораторияларында ишке ашырылып келген. Бирок ортодо анализдер өтө көп болуп, жетишпей калган учурлар болуп жатты. Мына ушул маалда менчик лаборатория жардамга келди, алар сунушту өздөрү беришкен. Ал эми өкмөт тараптан аларга эч кандай материалдык жардам көрсөтүлгөн жок. Лаборатория бардык шаймандарды Кытайдан меценаттардын жардамы жана жеке күчтөрү менен алып келишти.
Менчик лабораториядан айрым жарандар коронавируска акысыз текшериле алышат. Ал жакта болжол менен 5 миң анализ жасалса, анын 2 миң 500 анализин жарандар үчүн бекер кылуу каралган. Бул үчүн саламаттыкты сактоо министрлиги акысыз текшериле турган категориядагы адамдарды белгилеп берет", - деди Үсөнбаев.