Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ОШ ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга кабар 2-ноябрь күнү келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Кара-Кулжа районунун тургуну 2000-жылы туулган И.к.Б. наристени 16-октябрь күнү саат түнкү 04:00 чамасында батирлердин биринин ажатканасында төрөгөн. Баласы жансыз болуп төрөлгөндүктөн эч кимге айтпай, баланы баштыкка салып, балконго жашырып кеткен. Шектүү кылган ишин моюнга алган. Учурда наристеге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.