Бир айдын ичинде өлкөдөгү коомдук-саясий абал кандай өзгөрдү? Саресеп салып, окуяларды тизмектеп көрөлү.
Кыргыз өлкөсүндөгү 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон окуяны серепчилер жарым-жартылай жасалган төңкөрүш деп атап келишет. Анткени өлкөдөгү болуп өткөн мурдагы 2 төңкөрүштөрдөн айырмаланып, 2020-жылы бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилди.
Мыйзам боюнча президент отставкага кетсе, президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат.
5-октябрда "Ала-Тоо" аянтына чыккандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн. Алар бийлик алмашкан соң башкаруу системинде люстрация жүргүзүлүшү керектигин айтып чыгышты. Ага ылайык, бийлик бутактарына жаштардын келүүсүн талап кылышты.
Өкмөттүн курамына келген жаштардын тизмеси:
2020-жылдын 6-октябрда БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ал эми парламенттик кайра шайлоо 2020-жылдын 20-декабрына белгиленип, бирок бул боюнча БШКнын чечими сот тарабынан жокко чыгарылган. 22-октябрда Жогорку Кеңеш шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам кабыл алынган.
Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу коомдо ар түрдүү пикирлер айтылып келет.
Саясий айдыңда кадрдык алмашуулар, кызмат үчүн болгон майда-чүйдө митингдер орун алып жаткан убакта коронавирус кулачын жая баштаганын Саламаттыкты сактоо министрлиги жар салды. Бүгүнкү күнгө карата COVID-19 илдетинен жабыркагандардын саны өлкө боюнча 61 миң 748 адамга жетти. Ал эми каза тапкандар 1 миң 170 адам.
23-октябрда экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына суракка чакыртылганы маалымдалган. Бирок ал кайсы иш боюнча сурак бергени такталган эмес.
2020-жылдын 21-октябрында президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров коррупция менен алек болуп жүргөндөргө жана мурунку аткаминерлерге экономикалык амнистия жарыялап, мамлекеттен уурдалган акчаларын төлөө үчүн 30 күндүк мөөнөт бергенин жарыялаган.
Билим берүү тармагында байкалган өзгөрүүлөрдөн министрликтин астында ачылган, окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борбору түзүлгөнүн айтсак болот.
Экономикалык жааттан алып караганда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан бир катар ири коррупциялык схемаларга кириптер болгон адамдар кармалып, өлкө аймагынан тышка каражаттарды ташуу боюнча кылмыштуу финансылык схемалардын жолу буулган.
Алсак, мурда белгиленген схема боюнча, Кытайга 180 миллион доллардан ашык каражаттарды мыйзамсыз чыгарып жүргөн кылмыштуу топ аныкталганы маалымдалган.
Бир ай ичинде доллардын улуттук валютага карата баасы кымбаттап, доллардын баасы 80 сомдук чектен ашты.
Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясаты тууралуу сөз кыла турган болсок 2020-жылдын 23-октябрында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан.
Бул жолугушуудан кийин Орусия тарап Кыргыз өлкөсүн каржылык жактан көмөгүн токтотту ден сөздөр чыккан. Министр Руслан Казакбаев каржылоо токтобогонун айтып, "Орусия тарап Кыргыз өлкөсүндөгү жакынкы убакта боло турган парламенттик, президенттик шайлоо, конституциялык реформаларга кам санап жатат", - деп билдирген.
Бүгүн, 6-ноябрда Ак үйдүн тосмолору алынууда. Ал 2000-жылдын башында орнотулган. Ошондон бери аны алып салуу тууралуу сунуштар байма-бай айтылып келген.
2020-жылдын 6-октярында Ак үй алынып, имараттын ичи демонстранттар тарабынан талкаланган. Бир ай өткөндөн кийин Ак үйдүн ички кандай абалда экенин шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.
Ошондой эле бүгүн, 6-ноябрда Өмүрбек Бабанов президентик шайлоого барбайт экенин билдирип, Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоорун айтып чыкты.
Ал эми Нурлан Мотуев тескерисинче президенттикке талапкерлигин коюп, БШКга арыз тапшырды.
Жалпысынан президенттикке талапкерлердин саны 10 адамга жетти.