Жогорку Кеңештин жыйынында Мирлан Бакиров вице-спикерликтен кеткенин жар салды

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирүү жасап, кызматын тапшырып бергенин жар салды.

"3 жыл ичинде иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсом кечирим сурайм. Мен өз ыктыярым менен төраганын орун басары кызматын өткөрүп берүүнү чечтим. Болгон билимимди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп иштей берүүгө аракет кылам" , -деди Бакиров.

Биринчи вице-спикер Аида Касымалиева: "Парламенттин аз эле убактысы калды, мөөнөтү бүткөнгө чейин иштесеңиз болмок. Бирок биз сиздин чечимиңизди сыйлайбыз", - деген оюн билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги каралууда. Ал 2020-жылдын 29-августунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болуп келген.

Мирлан Бакировдун вице-спикерлик кызматтан кетип жатканы тууралуу маалыматты кечээ, 22-декабрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан