8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги "Орто- Сай" базарынан өрт чыкты. ӨКМден билдиришкендей, аны өчүрүүгө 5 бригада тартылды. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы саат 02:16га карата өрт чектөөгө алынганын маалымдады.
"Чектөөгө алынды деген - өрттүн мындан ары жайылып кетпешин чектешти", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Учурду тилсиз жоону өчүрүү иштери улантылып жатат.