Мэрия: "Спорт борбору, фитнес залдары 25-майдан тартып иштесе болот"

25-майдан тартып спорт залдар, машыгуу залдары, фитнес-клубдары жана бассейндердин иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
"25-майдан тартып спорттук мекемелердин иштөөсүнө уруксат берилет. Алар санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоосу кажет. Мисалы, мекемелерди дезинфекциялоо, администрация жана тейлөө кызматкерлеринин бет кап, кол кап кийүүсү, ар бир кардар үчүн санитайзер, антисептикалык каражаттарын орнотулушу, ошондой эле санитардык аралыкты сактоо боюнча атайын белгилердин коюлушу талап кылынат.
Спорт борборлоруна тайпалык, жамааттык спорт түрлөрүн (футбол, күрөш, бокс, баскетбол жана башка) өткөрүүгө тыюу салынат. Бир гана адам менен жакын байланышпаган, жеке спорт түрлөрү менен санитардык аралыкты сактоо менен гана иштөөгө уруксат", - деп жазылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан