Бүгүн, 10-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 50 миллион 801 миң 471 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 33 миллион 233 миң 517 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 262 миң 372 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө акыркы бир суткада 100 миңден ашуун адамдан илдет аныкталып, ооругандардын жалпы саны 10 миллион 42 миң 50 болду. 238 миң 97 адам каза болсо, 3 миллион 928 миң 845 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 553 миң 657 адамдан аныкталды. 126 миң 611 адам каза болсо, 7 миллион 917 миң 373 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 675 миң 32 адам вируска кабылган. 162 миң 628 бейтап көз жумса, 5 миллион 163 миң 226 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.