9-ноябрга караган түнү Бишкектеги "Орто-Сай" базарында өрт чыккан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө түнкү саат 00:26 билдирүү келип түшкөн. Учурда базардан чыккан өрт боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын Октябрь РИИБинин маалымат катчысы билдирди.
"Билдирүү келип түшөрү менен ыкчам тергөө тобу жерине барышып, эки кабатту имараттан өрт чыкканын, анда тигүүчү цех, тез татым жай жана азык-түлүк, кийим-кече, күнүмдүк тиричиликке керектүү товарларды саткан контейнерлер күйгөнүн аныкташкан. Милиция кызматкерлери жарандардын коопсуздугу үчүн өрт чыккан имаратты курчоого алышкан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 210-берене (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Ал эми өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Мындан тышкары "Орто-Сай" базарынын аймагындагы өрт коопсуздугун бузган көптөгөн фактылар жөнүндө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына Октябрь РИИБи тарабынан рейддерди өткөрүү өтүнүчү бир нече жолу жөнөтүлгөн", - деди маалымат катчы.
Базардан чыккан өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, өрттүн андан ары башка объектилерге жайылышына жол берилген эмес. Өрт эртең менен саат 08:55те толугу менен өчүрүлгөн. ӨКМнын маалыматына ылайык, болжол менен өрттөн имараттын жалпы 1 миң 800 чарчы метр жер аянты күйгөн.