БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова ыйгарым укугун токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова ыйгарым укугун токтотту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мыйзамдуу жол менен БШКнын толук курамы тазаланышы керек. Элимдин талабы бийликтин жаңылануусу, быссымылда деп БШКдан мен баштадым. Мен да идеалдуу эмесмин, катачылык бар, билип-билбей бирөөнү таарынтсам же ката кетирсем кечирим сурайм. Жоопкерчиликтен качкан эмесмин, качпайм дагы.
Ар бириңерге жылуу сөзүңөр үчүн, колдооңор үчүн терең ыраазычылык билдирем. Биздин ийгиликтер дагы алдыда. Элиме дагы кызмат кылып, көп жакшы жеңиштер буюрса болот. Жаратканым ар бирибизди, элибизди, мекенибизди колдосун", - деп жазды Абрахматова.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан