Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков узак убакыт бою тынбай Манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылууда.
Дөөлөт Сыдыков дээрлик 4 сааттан бери тынбай Манас айтып жатат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Элнура Кулуева SUPER.KG порталына билдирди.
"Азыркы учурда да Манас айтылып жатат. Тыныгуу жок. Суу да ичпейт, ажатканага да барбайт. Азыр манасчы өз динамикасында, өз тембринде эч токтолбостон Манас айтып жатат", - деп билдирди Кулуева.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айтууда.