Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевдин үйүндө тинтүү жүргүздү. Маалыматты SUPER.KG порталына Финполдун басма сөз кызматынан тастыктады.
Белгилей кетсек, Максим Бакиевдин камакка алынган мүлктөрүн мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш ишине президенттик аппараттын кызмат адамдарынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин тиешеси бар экендиги аныкталган.
Финполдун маалымат катчысы Сарпашевдин үйүнө ушул кылмыш ишинин негизинде тинтүү болгонун билдирди.
Тайырбек Сарпашев 2015-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.