Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинин убагында ачылбаганы боюнча маалымат тактала турганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
Ал ошол жерден эле тийиштүү кызматкерлерге телефон чалып, маалыматты тактап берүүнү суранды.
Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылганына карабастан Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо тилкеси убагында ачылган жок.
Аталган тилкеде иштеген кызматкерлер мунун себебин урна толук кандуу иштебей калгандыгы менен түшүндүрдү.