
Каарманыбыз Айзат Мамырай кызы 16-ноябрда 19 жашка толду. Ал Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында төрөлгөн. Айзат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, дене бою соо адамдан калышпай эмгектенет.

Ал азыркы коомдо аялзаты үчүн эң керектүү болгон өнөр ээси. Тагыраагы, ал өзүн жана башка кыз-келиндердин бетин боёп, жоолукту түрлөп салат жана кулинардык курсту аяктаган, тамакты түрлөп жасай алат.
Анын бул өнөрүнө кызыгып, талантына тамшангандар көп. Ал бир колунан ажыроого себепчи болгон күндү төмөнкүдөй эскерди.
“Мен 2009-жылы ташка катуу жыгылгам. Анда ата-энем жаш болгон да, окуя болгондо катуу ыйлаганымда айылдагы сыныкчыга алып барышкан. Сынган жеримди сыныкчы катуу, туура эмес таңып койгон. Андан кийин денеме кан өтпөй, колумдун эти карарып кеткен. Ошентип жүрөккө кара кан тээп кетип, ооруканага келсек дарыгерлер туура эмес таңылган деп, мени сактап калуу үчүн колумду кесип салышкан. Үйдөгүлөр ал адамды каматабыз деп аракет кылышкан, чоң атам менен чоң энем макул болбой койгон. Бирок мен айылга барганда ошол каргашалуу күндү эстей берем. Ал адамга азыр да таарыныч көкүрөгүмдө бар”, - дейт Айзат.
“14 жашка чейин жаным сыздап, ооруканадан ооруканага каттаган күнүм көп болду. Анткени ага чейин колума эт өсүп кете берчү, азыр колума эт өспөй калды. Баары бир азыр оорукана, ийне десе жүрөк заарканат. Көчөдөн менден да оор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды көрүп шүгүр кылам, азыр бактылуумун, бакытка балкып турам”.
Айзат социалдык тармактарда да абдан активдүү. Ал жолдошу Рустам Иманалиев менен социалдык түйүндөрдүн бири аркылуу таанышкан. Алыскы Оштон Нарын жергесине келин болгон Айзат жолдошуна жолуктурган тагдырына ыраазы.
Ага социалдык тармактарда жылуу пикир жазып, чыныгы шыктандырууга себеп болдуңуз деп рахматын айткан жарандар көп.
Бирок ошол эле учурда анын бул кадамын сындагандар да жок эмес. Буга деле нааразы болбогон Айзат “Адамдар ар түрдүү болушат экен, алардын оозун тыя албайм. Жаман сөз жазып, сындаган адамдарга колумду тартып сүрөтүн жиберип коём. Анткени кээ бир колдонуучулар колуң бар, алдап жатасың, жөн эле жүрбөйсүңбү, боёнбой эле койчу, Инстаграмга түз эфирге чыкпа дегендер болот. Буга мен жооп берүүгө аргасыз болом”, - деп кошумчалады жылмайган Айзат.
Айзаттын жолдошу Рустам Иманалиевдин да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал эки бутунан ажырап калган, ушул убакка чейин 16 жолу оор операцияларды башынан өткөргөн. Тагдырдын оор сыноосуна кабылганына карабай, аны менен татыктуу күрөшүп жаткан жаш жубайлар азыркы тапта батирде күн кечиришет.
Түгөйлөрдүн алган пенсиялары да чамалуу. Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген жаш түгөйлөргө жардам берүүнү калаасаңыз 0225 173 939 номерине кайрылсаңыз болот.