Бүгүн, 20-ноябрда саат 9:30га карата Бишкектин кээ бир аймактарында абанын булганышы нормасынан 11 эсе ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 251 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 105). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши - 291 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 113).
Чыгыш-5 кичи району – 48 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 23).