Депутат Пархат Тулендыбаев өлкөдөгү экологиялык көйгөйгө өкмөт чара көрүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында абанын булганышы критикалык чектен ашты. "Ага автоунаалардан чыккан газдар, сапатсыз күйүүчү майлар жан көмүр жагуудан чыккан түтүн себеп болууда. Андан улам дем алуу органдары ооруган жарандардын саны өсүп жатат. Борбор калаанын экология маселесине көңүл бурулушу керек", - дейт депутат.