Кыргызстандын футболчулары жолдоштук беттеште Кытай Тайбэйинин курамасын 3:0 эсебинде утту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Оюн Вьетнамда өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйынынын алкагында уюштурулду. Беттеште Кайрат Жыргалбек уулу, Жоэл Кожо жана Айзар Акматов бирден гол киргизишти.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы кийинки оюнун 17-ноябрда Вьетнамдын курамасына каршы өткөрүшөт.