АКШнын SpaceX компаниясы Starship космостук кемесин Жерге кайтып келгенде атайын мунаранын механикалык колдору менен ийгиликтүү кармады. Тарыхый окуя кечээ, 14-ноябрда АКШнын Техас штатындагы Starbase космодромунда болгонун чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Starship сыноо учуусунан кийин Жерге кайтып келгенде аны учуруу мунарасындагы чоң механикалык тирөөчү эки тарабынан кармап калган. Бул ыкма космостук кемени жерге кондуруу үчүн атайын аянтчага муктаж болбостон, аны кайра колдонууга даярдоого мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, SpaceX буга чейин ракетанын биринчи бөлүгүн гана мунаранын жардамы менен кармаган. Ал эми космостук кемени мындай ыкма менен биринчи жолу кармады.