Кечээ, 14-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өткөн COP31 конференциясында Кыргызстандын климаттык билим берүү жаатындагы тажрыйбасы тааныштырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйында климаттык билим берүүнүн мааниси, "Алтын Казык" реформасы жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле "Климаттык кутуча" программасы жана ЮНИСЕФтин "Жашыл мектептер" демилгеси тууралуу маалымат берди.
"Баяндамада Кыргызстанда климаттык туруктуулукка багытталган 120га жакын мектеп иштеп жатканы белгиленди. Министрлик мектептердин энергияны үнөмдөөчү инфраструктурасын түзүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык жоопкерчиликтүү билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу иштерин улантууда", - деп кошумчаланды маалыматта.