Президенттикке талапкер Мадумаровдун Москвадагы жолугушуусу. Башкы прокуратура материалдарды БШКга жөнөттү

Башкы прокуратура президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Москва шаарында мекендештер менен жолугуп жаткандагы видеосу боюнча материалды кароо үчүн БШКга жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда үгүт иштеринин элементтери болгону белгиленет.

Мадумаров Москвадагы мигранттар менен 7-ноябрда жолукканы маалым. Жолугушуунун видеосу социалдык тармактарга тараган.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону 14-декабрга чейин улантат. Талапкерлер катталган соң шайлоого катышуучунун күбөлүгүн алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан