"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 60 миллион 868 миң 965 адам жуктуруп алды

Бүгүн, 27-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 60 миллион 868 миң 965 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 39 миллион 752 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 430 миң 389 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 12 миллион 879 миң 861 болду. 263 миң 413 адам каза болсо, 4 миллион 871 миң 203 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 662 миң 705 адамдан аныкталды. 135 миң 223 адам каза болсо, 8 миллион 679 миң 138 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 166 миң 606 адам вируска кабылган. 170 миң 769 бейтап көз жумса, 5 миллион 534 миң 10 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан