Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралды.
Анда баяндаманы аталган комиссиянын төрагасы Талант Мамытов жасады. "Тергөө маалыматтарына ылайык, аталган каражаттар 700 миллион доллар эмес, 932 миллион доллар деп аныкталган. Бул каражат Кыргыз өлкөсүндөгү Кара-Суу базарынан жана Өзбекстандын базарындагы жеке ишкерлердин акчалары экендиги аныкталган. Башка маалымат каражаттары бул жеке ишкерлердин акчалары болуп аныкталганын айтып чыгышты. Комиссия дагы ошондой жыйынтыкка келип жатат. Кошумча тергөө аракеттери жүрүп, бул факты аныкталат", - деди ал.
Жыйынтыгында комиссиянын корутундусу жактырылды. 72 депутат "макул", 1 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди.
21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.